МАНДОЛИНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАНДОЛИНА (итал. mandolina) - кылдуу чертме музыкалык аспап. 16-к-дан колдонула баштаган. М. Италияда (Неаполь) пайда болуп, 18-к-дан кеңири

таралган. Эң кеңири тараган түрү - Неаполь М-сы, неополитандын сопрано М-сы жупталып тартылган төрт кылдуу, квинта добуш аралыгына күүлөнөт. М-нын аягы томпогой, 4 түгөйлүү кылы жана кыска моюнчасында металл беренелери бар, башы жалпагай келип, тоголок буроолор орнотулатынча Узундугу 610- 635 мм. Скрипкадай эле квинтада толгонот. Медиатор менен чертилет. М. жеке аткаруучулукта жана ансамблдерде колдонулат. Курамында М. жана гитаралар болгон оркестр неополитан оркестри деп аталат.