МАНАС ЧОКУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНАС ЧОКУСУ — Талас Ала-Тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 4482 м. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнун түндүк тарапка кеткен тармагында жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө

тик, кар-мөңгү токтобойт. Палеозойдун сланец, акиташ теги, кумдук тоо тектеринен турат. Түштүк-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Чокуга алгачкы жолу 1933-жылы москвалык альпинист Э. С. Левин чыккан.