«МАНАС-ОРДО»: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
«МАНАС-ОРДО» - кыргыз улуттук комплекси. Т.алас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1976-жылдан «Манас» адабий-этногр. музейи, 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-музей коругу, 1996-жылдан расмий
түрдө «Манас-Ордо» кыргыз улуттук комплекси аталган. Негизги максаты - тупкү ата-тегибиздин этностук тарыхын изилдөө, Манас жөнүндө маалыматтарды (китеп, кино, уламыш ж. б.) чогултуп, чет өлкөлөрдөн келген меймандарды, туристтерди «Манас» эпосу, анын каармандары, манасчылар менен кеңири тааныштыруу, улуу чыгарманын маанисин элге жеткирүү, ошондой эле кыргыздын байыркы салт-санаасын, үрп-адатын жайылтуу. «М.-О» Манастын күмбөзүн, Манастын «хан» өргөөсүн, Манасчылар мектебин, Манасчылар тобун, Манас таануу борборун, Манастын кырк чоросун чагылдырган арканы, «Манас ата» гүлбагын, Манас жана анын кырк чоросунун айкелин, Манас айылын, «Манас эпосунун» музейин, Манас кароол чокусун, элдик дарыгерлер борборун, тулөөкана, улуттук ат оюндары ойнолуучу ат майданды ж. б. объектилерди камтыйт. Жергиликтүү жашрочулар «М.-О.» комплексине сыйынып, түлөөканасында түлөө өткөрүп, жаш жубайлар уйлөнүү ырымын жасап, ыйык жай катары аздектешет. «М.-О.» комплексине АКШ, Германия, Франция, Япония, Корея, Италия, Швейцария, Малайзия, Австралия ж. б. өлкөлөрдөн туристтер

кызыгуу менен келип турушат