МАМЫТОВ Миталип: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска

МАМЫТОВ Миталип (16. 12. 1939-жылы туулган, Ош обл., Ноокат району, Көк-Жар айылы) - нейрохи­рург, медицина илимдеринин доктору (1987), профессор (1989), КР УИАнын академиги (2006; корр. мүчөсү, 2000),

КРдин Эл Баатыры (2011). КММИ­ни (1966), Ленинград нейрохирургия ИИИнин аспирантурасын (1971) бүтүргөн. КММИде ассис­тент (1972-76), доцент (1976-89). 1989-жылдан КММАнын невропотология жана нейрохирургия кафедрасында профессор, КММАда декан, проректор (1988-97), КРдин саламат­тык сактоо министри (2002- 05), 2005-жылдан КММА­ныин нейрохирургия кафед­расынын башчысы, КРдин эмг. сиң. врачы (1989) жана илимге эмг. сиң. ишмер (1999) КРнын илим жана тех­ника боюнча мамлекеттик сыйлыгы лау­реаты (2011). Нью-Йорк ИАнын академиги (1999), Россия нейрохирургдар ассоциация­сынын ардактуу мүчөсү (2002). Илимий эмг. мээнин шишиктерин хирургиялык жол менен дарылоого арнал­ган. Нейрохирургия боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмг., анын ичинде 4 монография, 7 ойлоп табуусу, 9 окуу куралы бар. III даражадагы Манас ордени, Даңк медалы, «Миллиондун бири» номинация­сынын алтын медалы (2001) менен сыйланган.

Эмг.: Черепно-мозговая травма (клиника, диагнос­тика и лечение). Б. 2001; Нейрохирургические проб­лемы мозговых инсультов. Б., 2002.