МАМБЕТОВ Шергазы Асанбаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАМБЕТОВ Шергазы Асанбаевич (14. 8. 1936- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - тоо-кен инженери, техника илимдеринин доктору (1984), профессор (1986). КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызмат­кер (2005). ФПИни (1959), Кыргыз ССР ИАнын аспи­рантурасын (1965) бүтүргөн. 1959-62-жылы Көк-Жаңгак шахтасында тоо-кен масте­ри, участканын начальниги, 1965-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тоо-кендеринин фи­зикасы жана механикасы ин­тунда кенже, улук илимий кыз­маткер, лабор. башчысы бо­луп иштеген. 1976-83-жылы ФПИде улук окутуу­чу, доцент, кафедра башчысы, декан; 1984-жыл­дан ошол эле институтта проректор (кечки, сырттан

окуу бөлүмүнүн), 1989-92-жылы ректор. Кыргыз тоо-кен-металлургия институтунда кафедра башчы­сы (1992-93). КРдин Жогорку Кеңешинин депу­таты (1990-95). 1995-96-жылы Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Минералдык сырьёлорду комплекстүү колдонуу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 1996-жылдан КРСУда профессор Геомеханика тар­магы боюнча адис. Бийик тоо массивинин чыңа­луу абалы боюнча илимий багытты негиздеген, Теңир­Тоонун тектоникалык чыңалуусун аныктаган. 150дөй илимий эмгеги, анын ичинде 7 монография, 2 ойлоп табуу, 4 окуу куралы бар.

Эмг.: Геоакустический контроль состояния массива пород вблизи горных выработок. Ф., 1978; Руковод­ство по определению ударопрочности участков массива горных пород. Б., 1992; Зональная и поэтапная оценка породного массива Тянь-Шаня. Б., 2003. Горные работы в условиях Тянь-Шаня. Б., 2013; Геомеханика. Учебник в 2-х томах. Б., 2013.