МАЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАЛОВ Сергей Ефимович [4 (16). 1. 1880, Ка­зан - 6. 9. 1957, Ленинград] - түрколог, орус окумуштуусу, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1939), Санкт-Петербург университетиндеги Чыгыш тилдер факультетинин

араб-перс-түрк-та­тар бөлүмүн бүтүргөн (1909). 1909-жылы В. Радловдун суну­шу боюнча Батыш жана Борбордук Кытайга түрк тилдүү уруу­лардын (сары уйгурлардын, саларлардын, лобнорлук­тардын жана хамийликтер­дин) тилин, фольклорун жана этнографиясын изилдеген. Биринчи саякаты учурунда (1910) Гансу провинциясы­нан түркологиянын алтын фондуна кирген уни­калдуу уйгурча кол жазма «Алтын йарукту» тап­кан жана аны В. Радлов менен бирге жарыялаган (1913-17). Ал байыркы түрк рун жана уйгур эсте­ликтерин изилдеген окумуштуу, чыгаан педа­гог-түрколог катары таанылган. М. Енисей, Моң­голиядагы, Таластагы байыркы түрк (рун) эсте­ликтерин изилдеп, котормолорун, комментарий­лерин биринчилерден болуп жарыялаган. Чүй өрөөнүнөн табылган несториан эстеликтеринин (12-13-кылым) түрк тилинде жазылган тексттерин жана Таластагы Ачык-Таш айылынан эски шурфтан табылган кичинекей жыгач таякча­дагы байыркы түрк (рун) тамгасына окшош жазууну да биринчи окуп, котормосун сунуш кылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.; Л., 1952; Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л., 1959; Уйгурское наре­чие Синьцзяна. Тексты, переводы, словарь. М., 1961; Язык жёлтых уйгуров. Тексты и переводы. М., 1967.

Ад.: Убрятова Е. И. 0 научной и общественной деятельности С. Е. Малова//Тюркологический сборник. М., 1951; Насилов Д. М. О жизни и твор­честве С. Е. Малова//Тюркологический сборник. М., 1975.