МАЛДЫБАЕВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАЛДЫБАЕВА Жылдыз Абдыласовна (6. 7. 1946-жылы туулган, Фрунзе) - кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч профессионал композитор, профессор (2002), КР маданиятына эмг. сиң. ишмер (1995), Респ-нын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), СССР Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1973), Композитор А. Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти (1962) жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореогр. окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан соң Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан 2010-жылы чейин Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык интунда (азыркы И. Арабаев атындагы КМУ) иштеген. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончу, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыглыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» (1975) балеттик сюитасын-

да таасын көрүнөт. «Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» ж. б. лирикалык, патриоттук ырлары, камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлдаүч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оймолуу жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы ж. б. чыгармалары бар. Даңк медалы менен сыйланган.