МАСШТАБ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАСШТАБ (немисче та[Зз1аЬ, таР - чен, өлчөм жана 81аЬ - таякча) - пландагы, чиймедеги же картадагы сызыктуу өлчөмдөрдүн, анын чыны­гы өлчөмүнө болгон катышы. Сандуу, атама, сызыктуу М. болуп бөлүнөт. С а н д у у М. жөнөкөй бөлчөк түрүндө берилип, алымы бир­ге, бөлүмү бир нече эсе кичирейтилүүчү санга ба­рабар келет. Мисалы, 1:100 (жүз эсе кичирейтил­ген). А т а м а М. сөз менен баяндалат. Мисалы, 1 см -100 м (башкача айтканда 1 слгде 100 м бар). С ы з ы к­т у у М. бир нече барабар бөлүктөргө бөлүнгөн түз сызыктан турат. Практикада кеңири колдо­нулат. Топогр. картада, жердин планында М.

туруктуу, географиялык карталарда өзгөрүлмө келет.