МАСТОПАТИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска
МАСТОПАТИЯ (грекче таэ^бз - эмчек жана ...патия) - эмчек бездеринин оорусу. Мында эмчекте ар кандай көлөмдөгү шишик сымал катуу түйүндөр пайда болуп, энелик бездин функциясынын бузулушу менен коштолот. Көбүнчө 30-50 жаштагы аялдар ооруйт. Айрым учурда этек кир келерде же учурунда оорушу мүмкүн. М. коркунучсуз, бирок түйүндөр шишикке айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан эмчекте өзгөрүүлөр пайда болор замат врачка кайрылуу зарыл. Ага көбүнчө ички секреция бездеринин бузулушу, жыныс мүчөлөрүнүн сезгенүү оорулары жана аборт себеп болот. Алдын алууда жыныс системасынын ооруларын өз убагында дарылоо жана аборттон сактануу керек. Эмчектин сезгенүүсүн - маститти болтурбоого аракет кылып, аны өз убагында дарылоо зарыл.