МАССОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАССОН Михаил Евгеньевич [21. 11 (3. 12). 1897, Санкт-Петербург - 2. 11. 1986, Ташкент, сөөгү Домбрабад көрустөнүнө коюлган] - чыгыш таа­нуучу, тарыхчы, археолог, нумизмат. Археоло­гия доктору (1936), профессор (1945). Өзбек ССРи (1944), Туркмөн ССРинин (1950) илимге эмг. сиң. ишмери. Түркмөн ССР ИАнын академиги (1951). 1916-жылы Самарканд эркектер гимназиясын бүтүр­гөн соң, Түштүк-Батыш фронтто аскердик кызмат өтөгөн. Жарандык согуш жылдарында Жумуш­чу жана солдат депутаттарынын Советине мүчө­лүккө шайланган (1917). 1918-жылы Самаркандга кайтып келген. 1919-23-жылы Искусство жана эсте­ликтерди коргоо боюнча Самарканд комитетинде ар­хеол. секциянын жана жергиликтүү музейдин башчы­сы, 1924-жылы Ташкентке которулуп, Орто Азия башкы музейинин бөлүм башчысы, Искусство, та­рыхый эстеликтерди коргоо жана музей

иште­ри боюнча комитеттин мүчөсү. Ушул мезгилде Түркстан чыгыш университетинин курсунан окуп, О. Азиядагы (анын ичинде Кыргызстандагы Өзгөн, Манас күмбөздөрү, Бу­рана мунарасы ж. б.) археол. казууларга жана изилдөөлөргө катышкан. 1929-36-жылы Өзбекстан геолог. комитетине караштуу тоо иштеринин көп кылымдык тарыхы менен алектенип, геол. китеп­кана ачкан. Ошол эле мезгилде Искусство, тары­хый эстеликтерди коргоо жана музей иштери боюнча Өзбекстан комитетинин археол. секторунун, 1936-66-жылы Ташкенттеги 0. Азия мамлекеттик университети­нин (САГУ) археология кафедрасынын баш­чысы, 1940-жылдан профессор болуп иштеген. М. 1936-39-жылы Термез, 1946-жылы Түштүк Түркмөнстан, 1963-жылы Кеш ж. б. көптөгөн археол. жана археол.- топогр. экспедицияларды жетектеген. 400дөй илимий эмгектин автору, анын редакциясы астын­да ЗОдай монография жана илимий эмгектер жыйна­гы басмадан жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Эмг.: Гумбез Манаса. М., 1950 (с Г. А. Пугаченко­вой); История Афганистана. С древнейших времен до XVI в. М., 1964 (с В. М. Массоном и В. А. Ро­модином).