МАССАЛЫК ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮЧҮ КУРА ЛДАРДАН КОРГОНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска

МАССАЛЫК ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮЧҮ КУРА ЛДАРДАН КОРГОНУУ — жоокерлерди, калкты жана эл чарба объектилерин душмандын ядролук, химиялык жана бактериялык куралынан коргоо үчун көрүлүүчү иш-чара комплекси. Жоокерлерди коргоо ишин уюштуруучу бардык командирлерге жана штабдарга душмандын ядролук, химиялык жана бактериялык курал колдонуусун бошоңдотуу, анын соккусуна дуушар болгон жоокерлердин согушка жарамдуулугун тез калыбына келтирүү жана жапа чеккен аймакта иш-аракетке шарт түзүү милдети кошо жүктөлөт. Жоокерлер жак­шылап жашырылат; аэродромдор жана кеме аял­дамалары маал-маал которулуп турат; аймак­тын радиоактивдик, химиялык жана бактериялык бул­ганууга чалдыгышы жөнүндө жоокерлерге маалым­далып, жеке коргонуу каражаттары берилет; окоп, чуңкур, жер төлө, атайын жасалгалуу жер тамдар казылып, курал, техника жана материал­дык каражаттар чүмбөттөлөт. Келтирилген зыян жөнүндө маалымат алуу үчүн чалгын жүргүзүлүп, өздүк курамдын, курал, техника, материалдык каражаттардын чыгымы, бүлүнгөн, өрттөнгөн, чөккөн аймактарды калыбына келтирүү боюнча

иштин мүнөзү жана өлчөмү аныкталат. Эпиде­мияга каршы, санитариялык-гигиеналык, алдын алуу­чу ж. б. медициналык иш-чаралар жүргүзүлөт. Ууккан­дарга жардам көрсөтүлөт ж. б. Эл чарбасында үзгүлтүксүз иштөө үчүн шарт түзүлөт. Шаарлар менен эл чарба объектилерин коргоо жалпы мамлекеттик коргонуу иш-чараларынын системасында уюш­турулат, к. Жарандык коргонуу.