МАСЕРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАСЕРУ - Лесето Королдугунун борбору (1966- жылдан), шаар. Масеру округунун администрациялык борбо-
ру. Өлкөнүн батышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Каледон дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1500 м. бийикте жайгашкан. Калкы 253,9 миң (2010). Өлкөдөгү жалгыз ири шаар жана ири срода борбору. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. ТАР менен т. ж. аркылуу байланышат. А. ч. азыктарын кайрадан иштетүүчү, кездеме токуучу, бут кийим, кийим-кечек тигүү өндүрүшү иштейт. Улуттук университет, политех. институт, а. ч. коллежи, китепканалар, улуттук музей, король ак сарайы, Ыйык Виктория собору, Басото Хет кол өнөрчүлөр борбору, Хат Крафт универмагы (колго токулган, тигилген шляпалар сатылат) бар. 1869-жылы негизделген. 1966-жылы чейин Британиянын протектораты Басутоленддин администрациялык борбору болгон.
