МАРТ ОКУЯСЫ (2005): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:00 учурдагы нуска

МАРТ ОКУЯСЫ (2005) - советтик система кыйра­гандан кийинки 15 жыл ичинде Кыргызстанда түзүл­гөн оор социалдык-экономикалык кырдаалдан улам кор­рупциялашып кеткен бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы багытталган жалпы элдик кыймыл. М. о-нын чыгышынын негизги себеп­тери: бардык бийлик бутактарынын (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин) негизги рычагдары акырындап жеке бир адамдын (прези­денттин) колуна топтолушу; өлкөнүн экономи­ка, финансы жана жер-суу ресурстарына үй­бүлөлүк монополиянын орношу; экс-президент­тин үй-бүлөсү менен анын дос-тамырларынын кы­зыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу; чет элдик кредиттер менен мамлекеттик финансы каражаттарын президенттин үй-бүлөсү менен жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жеке кызык­чылыктары үчүн пайдаланылышы; Кыргыз мам­лекетинин коңшу өлкөлөр менен чек ара маселе­си эл аралык деңгээлде такталбастан, коңшу өлкөлөргө бериле башташы; оппозициячыл маа­найдагы массалык маалымат каражаттары (те­лекөрсөтүү, радио уктуруу, гезит ж. б.) катуу көзөмөлгө алынып, куугунтукталышы; саясат­та жалганчылык менен алдамчылык күндөлүк нормага айланышы; жеке үй-бүлөлүк башкаруу бийлигин күчөтүү үчүн КР конституциясын өз­гөртүү боюнча активдүү аракеттердин башталышы ж. б. Өлкөдө түзүлгөн ушундай жагдайда калк­тын жашоо деңгээли кескин начарлап, жумуш­суздардын саны 2003-04-ж-дагы расмий маалы­мат боюнча 200 миңден ашкан (иш жүзүндө мын­дан 3-4 эсе жогору). Коомдо социалдык жик­телүү күчөп, айрымдары эбегейсиз байыса (калк­тын 5-10% и), калгандары өтө эле жакырданып (калктын 30-40% и) кеткен. Энергетика тарма­гындагы жоготуулар 3-4 миллиард сомго жетип, өлкөнүн жаратылыш байлыктары (сурьма, ал­тын, суу ж. б.) уурдалган, ички жана сырткы

товардык карым-катнаш, соода жүгүртүү бүтүн­дөй көмүскө фирма менен компаниялардын колу­на топтолуп, пайданын 20-30% и гана мамлекеттик бюджетке түшүп турган. М. о-нын башталышы­на айрыкча 2005-жылы 27-февралдагы КРдин Жо­горку Кеңешине шайлоо учурундагы одоно мый­зам бузуулар, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин кандидатураларынын эч негизсиз четтетилиши калк ичинде катуу нааразылык жаратып, элдик толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген. Өлкөнүн бардык облустарында, шаарларында митингдер өтүп, 2005-жылы 24-март­та Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып ал­ган. Президент А. Акаев өлкөнү таштай качып, премьер-министр Н. Танаев өз арызы менен кыз­маттан кеткен, жаңы шайланган КР Жогорку Кеңештин депутаттары мандаттарын өткөрүп берген. 24-марттан 25-мартка караган түнү Биш­кекте баш аламандык башталып, борбордук көчө­лөрдөгү көптөгөн супермаркет, дүкөн ж. б. меке­мелер таланып-тонолгон. А. Акаевдин 15 жыл­дык бийлиги аяктап, үй-бүлөсү, жакын чөйрөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен соң, өлкөдөгү бий­лик К. С. Бакиевдин колуна өткөн. Бирок, жаңы бийлик да элдин талаптарын ишке ашырган эмес. К. Бакиевдин жүргүзгөн бийлиги учурун­да оппозицияны куугунтуктоо, каршылаштарын тымызын өлтүртүп жок кылуу, журналисттер­ди куугунтуктоо, бийликти сынга алган теле­канал жана гезиттерди жаптыруу; өлкөнүн ай­магын криминалдар башкарган зоналарга бөлүү; банктарды, пайдалуу ири компанияларды, бас­ма сөз каражаттарын, пансионаттарды ж. б. объектилерди рейдерлик менен тартып алуу, банк эсебиндеги акча каражаттарын, баалуу кагаз­дарды афёра жолу менен ээлөө күчөгөн; чет элдик кредит, грант, гуманитардык жардам, ишкер­дик үчүн которулган акча валюталары «үй­бүлөнүн» өзгөчө көзөмөлүнө өткөн; жогорку кыз­мат орундары, аскер чиндери ачык эле сатыла баштаган; инвесторлордон киргизгени үчүн «сый акча», «откат» алуу 30%тен 50%ке өскөн. 2010-жылы апрель окуяларынын алдында Бакиев режими электр

энергиясына бааны 100% , үйдү жылытуу, ысык суу үчүн төлөмдү 500% ке көтөргөн. Өлкөдө Бакиев бийлигине болгон эл ишеничи биротоло кетип, кыжырданган калың масса режимди кулатып, президентти жан­жөкөрлөрү менен өлкөдөн кууп чыккан күн кыр­гыз .элинин тарыхында кандуу «апрель окуя­сы» аталып калды. Апрель окуясы (2010) - Ба­киевдин кандуу режимине каршы көтөрүлгөн элдик көтөрүлүш; мында криминалдашып кет­кен бакиевчилердин огунан ондогон кыргыздын эр-азаматтарынын өмүрү кыйылып (87 адам окко учкан), минден ашык адам оор жаракат алган. Окуянын жүрүшүндө Ак үй ж. б. өкмөт мекемелери, супермаркеттер, дүкөндөр жана ба­киевчилердин үй жайлары талкаланып, тала­нып-тонолгон. Жыйынтыгында бийлик оппо­зициянын колуна өтүп, өлкөдө демокр. өнү­гүүгө жол ачылган. Жаңы конституция кабыл алынып, парламенттик башкаруу системасы киргизилген.

Т. Жуманалиев.