МАРТЕН ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАРТЕН ӨНДҮРҮШҮ - металлургия жана машина куруучу заводдордогу мартен мешинде керектүү химиялык курамдагы болот өндүрүп алуу өндүрүшү. Болот эритүүдө мындан башка кычкылтекконвертер процесси, электр болот эритүү ыкмасы колдонулат. М. ө-нүн артыкчылыгы: 1) мартен процесси бардык өндүрүштө колдонулат; 2) алгачкы материалга талап коюлбайт; 3) эритүү процессин текшерүү, башкаруу иштери жеңил; 4) өндүрүлгөн болоттун сапаты жогору, ассортименти көп.
Мартен мешинин шихтасы металлдардан (чоюн, болот сыныктары, кычкылдатуучу жана легирлөөчү кошундулар) жана металл эместерден (темир кенташы, мартен агломераты, акиташ теги, боксит, плавик шпаты ж. б.) турат. Шихтанын курамына жараша бир нече (скрап-көмүр, скрап-кенташ, кенташ) технол. процесстерге бөлүнөт. Скрап-көмүр процессинде шихтанын металл бөлүгү болот сыныктарынан (скраптан) турат. Көмүртекке бай (антрацит, кокс, графит, таш көмүр) материалдарды кошуп, процесске керектүү көмүртек бөлүнүп алынат. Скрап кенташ процессинде шихтанын катуу бөлүгү скрап менен кенташтан, металлы чоюндан (50-80%) турат. К е н т а ш процессинде шихта темир кенташынан жана суюлтулган чоюндан турат. Процесс мешти даярдоо, ага шихта толтуруу, ысытуу, суюк чоюн куюу же кесек, катуу чоюн сыныктарын салуу, эритип кайнатуу, кычкылдандыруу, легирлөө жана куюп алуу иштеринен турат. Мындан тышкары кошумча иштер аткарылат. Мартен меши суткасына 250-300 миң гболот эрите алат.