МАРАЛОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАРАЛОВ Аспандьяр Несипчороевич [25. 1. 1938, Кара-Балта ш. - 14. 8. 2007, Бишкек] - хирург, медицина илимдеринин доктору (1981). КРдин эмг. сиң. врачы (1989). КММИни (1963), СССР Медицина ИАнын А. Н. Бакулев атындагы Жүрөккан тамыр хирургиясы институтунун аспирантурасын (1970) бүтүргөн. Кызыл-Кыя медициналык окуу жайында окутуучу, КММИде хирургия кафедрасында ассистент (1970-79), Кыргыз кардиология ИИИде улук илимий кызматкер (1979-85), медициналык кибернетика секторунун, кардиохирургия жана ангиография бөлүмүнүн башчысы (1985-95). 1995-2006-жылы КУКТБда балдар жүрөк хирургиясы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. И. К. Ахунбаев атындагы сыйлыгы лауреаты (2000). Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адис. Эмгектери негизинен тубаса жана кийин пайда болгон жүрөк кемтигин дарылоого арналган. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 окуу куралы бар.
Эмг.: Клиника, диагностика и хирургическое лечение ДМЖП в сочетании с аортальной недостаточностью//Вестник АМН СССР. №4, 1974; ДМЖП в сочетании с ОАП (хирургическая коррекция)//Грудная хирургия. М. 1980.