МАНН Томас: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска

МАНН Томас (6. 6. 1875, Любек - 12. 8. 1955,

Цюрих) - немис жазуучусу. 20-к-дын сынчыл реализминин мыкты салттарын улап, Батыш­тын либерал интеллигенциясынын интеллек­туалдык жана адеп-ахлак­тык изденүүлөрүн, буржуазиялык турмуштун бузулушун «Буд­денброктор» (1901)дегентун­гуч романында кенири ча­гылдырган. Биринчи дүйнө­лүк согуш алдында буржуазиялык чөйрөнүн идеялык турмушу жөнүндө лирикалык маанайда жазылган «Сыйкырдуу тоо» романына (1924) Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1929).

Мындан тышкары «Иосиф жана анын бир туу­гандары» (1933-43) тарыхый тетралогиясын, «ВеймардагьгЛотта» (1939), «Доктор Фаустус» (1947) философиялык романында буржуазиялык ан-сезимдин, маданияттын кедери кеткендигин баяндайт. М-дын аңгемелери, макалалары, күндөлүктөрү да бар. Ал 20-к-дагы роман жанрынын классиги ката­ры таанылган.

Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. 1-10. М., 1959-1961.

Ад.: Апт С. Томас Манн, М., 1972; он же. Над страницами Т. Манна. М., 1980; Дирзен И. Эпическое искусство Т. Манна. М., 1981.