МАНДАЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 12:30 учурдагы нуска

МАНДАЛАК жоогазын (ТиИра) - өсүмдүктөрдүн лилиялар тукумундагы уруусу. Пияз түптүү, бир сабактуу, бир гүлдүү көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 6-50 см. Чөй­чөкчөсү жок, бүтүн кырдуу 2-3

жалбырактуу. Көбүнчө бир кооз гүл ачат, гүлү кызыл же са­ры кызыл, сары; күндүз ачылып, түнкүсүн жана күн бүркөктө жа­былат. Уругу жана вегетация жолу менен көбөйөт. Жер жүзүндө ЮОдөн ашуун түрү, КМШ өлкөлөрүндө 80ге жакын, Кыргызстанда 19 түрү кездешет. Өрөөндөн тартып бийик тоолорго чейинки жумшак, күрөң-боз топурактуу, шагылдуу, таштактуу жерлерде, ошондой эле шалбаада, боздоңдо өсөт. Бар­дыгы - кооз өсүмдүк. Кээ бир түрү жоголуп ба­раткандыктан, 10 түрү Кыргызстандын Кызыл ките­бине киргизилген. Булардын бардыгы Борбордук Азиянын, анын ичинде 7 түрү - Кыргызстандын эндемиги. М. гүл өстүрүүдө кеңири колдонулат.