МАМБЕТОВ Шергазы Асанбаевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАМБЕТОВ Шергазы Асанбаевич (14. 8. 1936- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - тоо-кен инженери, техника илимдеринин доктору (1984), профессор (1986). КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер (2005). ФПИни (1959), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. 1959-62-жылы Көк-Жаңгак шахтасында тоо-кен мастери, участканын начальниги, 1965-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тоо-кендеринин физикасы жана механикасы интунда кенже, улук илимий кызматкер, лабор. башчысы болуп иштеген. 1976-83-жылы ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан; 1984-жылдан ошол эле институтта проректор (кечки, сырттан

окуу бөлүмүнүн), 1989-92-жылы ректор. Кыргыз тоо-кен-металлургия институтунда кафедра башчысы (1992-93). КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-95). 1995-96-жылы Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Минералдык сырьёлорду комплекстүү колдонуу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 1996-жылдан КРСУда профессор Геомеханика тармагы боюнча адис. Бийик тоо массивинин чыңалуу абалы боюнча илимий багытты негиздеген, ТеңирТоонун тектоникалык чыңалуусун аныктаган. 150дөй илимий эмгеги, анын ичинде 7 монография, 2 ойлоп табуу, 4 окуу куралы бар.
Эмг.: Геоакустический контроль состояния массива пород вблизи горных выработок. Ф., 1978; Руководство по определению ударопрочности участков массива горных пород. Б., 1992; Зональная и поэтапная оценка породного массива Тянь-Шаня. Б., 2003. Горные работы в условиях Тянь-Шаня. Б., 2013; Геомеханика. Учебник в 2-х томах. Б., 2013.