МАМАТУРДИЕВ Гулам: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
МАМАТУРДИЕВ Гулам (1. 1. 1940-жылы т„ Ош обл., Араван району, Араван кыш.) - экономика илимдеринин доктору (2001). ОМПИни (1962), Өзбек ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүткөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуучу (1962-74), доцент (1974-79), кафедра башчысы (1979-91), декандын орун басары (1991-94), Кыргыз-Өзбек университетинде декан (1994-06), ОМПИде проректор (2006-07), 2007-жылдан Россия мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалында профессор 210дон ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 10 монографиянын, 18 окуу-метод. көрсөтмөнүн жана 12 китеп) автору. Илимий эмгектери негизинен КРдин а. ч. комплексинин инновациялык механизмдерине арналган. КР Инженердик академиясынын корр. мүчөсү (1999) жана академиги (2004). Даңк медалы менен сыйланган.
Эмг.: Структуралык программалоонун негизинде Паскаль тилинде программалоо (авторлош). Ош, 1990; Формирование механизмов аграрного рынка. Теория моделирование, проблемы. Ош, 1997; Прогнозирование и эффективность механизмов аграрного рынка (в условиях Кыргызской Республики). Ош, 1998; Методологические основы механизмов развития аграрного рынка (соавтор). Б., 2000.