МАЛЕЙН ЖАНА ФУМАР КИСЛОТАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска
ники о Малевиче: письма, документы, воспоминания, критика^Сост. И. А. Вакар, Т. Н. Михеенко. М., 2004. МАЛЕЙН ЖАНА ФУМАР КИСЛОТАЛАРЫ - этилендикарбон кислотасынын геометриялык изомерлери (цисжана транс-); экөө тең - түссүз кристалл. Малеин кислотасы - цис-изомери (I), эрүү t 130°C, кайноо t 160°C. Фумар кислотасы - транс-изомери (II), эрүү t 280°C, кайноо t 290°C.
H — C — COOH H — C — COOH
|| ||
H — C — COOH HOOC — C — H
(I) (II)
Малеин кислотасы сууда, эфирде жакшы эрийт, фумар кислотасы сууда жана дээрлик бардык органикалык эриткичтерде эрибейт. Түссүз кристаллдар жарыкта 200°Сден жогорку температурада ысытканда же химиялык реагенттердин таасиринде малеин кислотасы фумар кислотасына изомерленет. Алар акак кислотасына чейин оңой калыбына келишет, өтө оксиддер менен окистендиргенде тиешелүү рацематтык шарап кислотасына же мезошарап кислотасына айланат; озон менен глиоксил жана козу кулак кислотасына чейин ажыраган озониддерди пайда кылат. Спирттер менен аракеттенгенде моножана диэфирлерди берет. Эфирлери тиешелүү малеинаттар жана фумараттар деп аталат. Ө. ж-да малеин кислотасы бензолдун буу фазада катализдик окистенүүсүнөн, ошондой эле кротон альдегидин окистендирүүдөн алынат. Фумар кислотасы көптөгөн өсүмдүктөрдө (мисалы, козу карындарда) болот. Малеин кислотасы шарап жана алма кислоталарын, полимер материалдарын, алкид чайырларын алууда колдонулат. Фумар кислотасы фталь ангидридинин ордуна полиэфир чайырларын, синтездик майлоо майларды алууда пластификатор катары, тамак-аш ө. ж-нда лимон_ж-а жүзүм кислоталарынын ордуна колдонулат.