МАЛДЫБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:45 учурдагы нуска

МАЛДЫБАЕВ Абдылас [24.6 (7. 7). 1906, азыр­кы Чүй обл., Кемин району, Кара-Булак кыш. - 31. 5. 1978, Фрунзе] - туңгуч композитор, ырчы (тенор) жана артист, кыргыз профессионал музы­касына негиз

салгандардын бири, Кыргыз ССРи­нин искусствого эмг. сиң. ишмери (1937), СССР эл арт. (1939). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970) лауреаты. 1922-24-жылы Алма-Ата ка­зак-кыргыз агартуу институтун­да, 1924-29-жылы Кыргыз педагогикалык техникумунда, Москва кон­серваториясында Кыргыз улуттук студиясынан (ком­позиция классы боюнча 1940- 41-жылы Г. Литинскийден, 1947- 50-жылы В. Фереден) окуган. 1930-жылы ачылган Фрунзе музыкалык техникумунда дирек­тор, 1933-жылдан Кыргызстан

А. Малдыбаев иш учурунда.

музыкалык студиясында (кийин музыкалык драма театры, 1942-жылдан Кыргыз опера жана балет театры) артист, 1939-67-жылы Кыргызстан композиторлор сою­зунун председатели, 1953-54-жылы М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайынын директо­ру болгон. М-дин чыгармачылык иши 1922-жылдан башталган. Алгачкы ырлары «Акинай», «Кы­зыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер» ж. б. ырлары эл арасына кеңири тарап, обончу ката­ры таанылган. 1936-жылы композитор В. Власов, В. Фе­ренин кыргыз жергесине келиши М-дин чыг­лыгынын өсүшүнө көмөк болгон. М. ЗООдөй чы­гарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Компози­тор элдик фольклорду кылдат пайдалана бил­гендиктен, ырлары элдик обонго жакын, угу­лушу көркөм, интонациялык жактан күчтүү. М-дин айрыкча гимн («Кыргызстан», «Кел ка­тарга», «Ала-Тоо»), марш түрүндөгү («Кызыл ат­чандар», «Студенттер маршы») жана балдар ыр­лары («Мына минтип», «Кулунум» ж. б.) кыр­гыз ыр жанрына жаңылык катары кирүү менен элди, эмгекти, мекенди сүйүүгө үндөгөн. 1930- 40-жылдары М. көптөгөн элдик ырларды иш­тепчыккан. «Кимге айтам», «Гүлтурмуш», «Ук, жер жүзү», «Билгиң келсе», «Кечирип кой», «Сынга сыпат толгондо», «Жат болоруң бат беле», балдар үчүн «Биз агайдай болобуз», «Жыл-

А. Малдыбаев - Тө­лөгөн. Е. Брусилов­ский. «Кыз Жибек» операсы.

дызым» ж. б. ырларды; «Эмгек маршы», «Парт­билет» ж. б. хорлорду; комп-лор В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драма­сын; «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операларын жана Кыргыз ССР гим­нине музыка жазган. М. - «Таалай издегендер» (В. Власов, В. Фере менен бирге), аттуу кантата «Кылымдык дос» (В. Власов, В. Фере менен бир­ге), «Улуу 40жыл», «Кыргыз уулу» (М. Абд­раев менен бирге) аттуу вокалдык-симфониялык чыгарма­лардын автору. Ал драма жана опера спектакл­деринде бир катар элестүү образдарды жарат­кан. Мисалы, «Алтын кыз» музыкалык драмасынан Куз­нецовдун, «Ажал ордунда» Бектурдун, «Айдар менен Айшадан» Телтайдын, «Аршин мал алан» музыкалык комедиясынан Аскердин, «Евгений Онегин» операсынан Ленскийдин, «Кыз Жи­бектен» Төлөгөндүн, «Токтогулдан» Керимбай­дын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каар­мандардын образын чоң чеберчилик менен кө­рүүчүлөргө тартуулаган. СССР Жогорку Совети­не (1-шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советине (2-4-шайланышынын) депутат. М-дин ысмы Кыргыз опера жана балет театрына, Биш­кек шаарынын бир көчөсүнө коюлган. Кыргыз мамлекеттик искусство институтундаМ. атындагы стипендия белгиленген. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Аманбаев А., Давлесов Н. Абдылас Малдыбаев. Краткий очерк жизни и творчества. Ф., 1957; Ви­ноградов В. А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере. М., 1958; Алагушев Б. Композитор Малдыбаев. Ф., 1970; Сенчен­ко А. Песенное творчество А. Малдыбаева. Ф., 1977.