МАКТУМГУЛУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАКТУМГУЛУ [жашырын аты - Фраги; (1730-жылы ч. - 1790-жылы ч., ошол эле жер) - түркмөн акыны жана ойчулу. Акын Азади Дөөлөтмамеддин уулу. Айыл мектебинен жана Хивадагы медреседен билим алган. 0. Азия, Азербайжан жана Иран фольклорун жакшы билген. Мененун калемине көп ырлар, лирикалык, лирика-эпикалык поэмалар таандык. Алардын бир далайы акындын жерине баскынчылар чабуул жасаганда жок болуп кеткен. Сакталып калганы - 10 миңден ашуун сап ыр. М. «Түркмөн тагдыры», «Эл менен» аттуу ырларында тууган эли тууралуу ой толгосо, «Белгилүү», «Эл жакшысы» сыяктуу ырларында эрдикти даңазалаган. Анын поэзиясы элдик акылман ой-пикир жана фольклор менен органикалык байланышта. Курч, элпек чыккандыктан, ырларынын көп саптары учкул сөзгө айланып кеткен. М. түркмөн поэзиясынын тилин өзгөртүп, аны элдик тилге жакындаштырган. Арузду элдик силлабикалык система менен алмаштырган. Анын чыгармалары кийинки муундун акындарына чоң таасир тийгизген.
Чыг.: Махтумкули. Тандалган ырлар. Ф., 1960; Избранное. М., 2008.
Ад.: Мактумкули. Юбилейный сб. Аш., 1961; Дурдыев X. Ковчег разума: Размышления о Махтумкули. Аш., 1988.