МАГНОЛИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МАГНОЛИЯ (Ма^поИа) - магнолиялар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл

өсүмдүктөр уруусу. Жалбырагы жөнөкөй, чоң, сүйрү. Гүлү жалгыздан, кош жыныстуу, өңү ак, саргыч, күлгүн кызыл, кочкул кызыл, жыттуу. Мөмөсү - тобурчак сымал топ жалбыракча. Уругу сүйрү, кара. Мененын 80дей түрү белгилүү. Чыгыш Азия, Америка, Вест-Индияда өсөт, ошондой эле. Кара деңиздин жээги, Кавказ, О. Азияда өстүрүлөт. Чоң гүлдүү М. (М. £гапаШога Ь.) - дайыма жашыл дарак. Бийиктиги 30 мге жетет, сөңгөгү түз, шактуу. Жалбырагы чоң (узундугу 25 см, жазылыгы 12 см), калың, жылмакай. Гүлү өтө чоң (диаметри 30 сладей), ак, жыттуу. Майдан сентябрга чейин гүлдөйт. Бышканда мөмөсү ачылып, узун кызыл жипчеде уругу илинип (салаңдап) турат. М. кооздук үчүн жана коргоочу токой тилкесинде көп өстүрүлөт. Жалбырагы менен гүлүнөн эфир майы алынат. Айрым түрүнүн жалбырагында 2% алкалоид болот, дары-дармек жасоодо колдонулат. Уругу менен бүчүрүнөн кыйыштырылып көбөйтүлөт.