МАГНИТ ХИМИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАГНИТ ХИМИЯСЫ - химиянын физикалык заттын химиялык түзүлүшү менен анын магниттик касиетинин ортосундагы байланышты жана магнит талаасы­нын химиялык бирикмелердин реакцияга катышуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүгү. М. х-нда диамагниттик органикалык бирикмелер кеңири изилденген. Аны 1910-жылы фр. химик П. Паскаль жүргүзгөн жана «М. х.» терминин кир­гизген. Бул бирикмелердин молекулалык магниттик ка­былдоочулугу молекуланы түзгөн атомдордун магниттик кабылдоочулугунун суммасына ба­рабар. Өлчөгөн магниттик кабылдоочулукту ко­шуучулук жобосу боюнча эсептелген кабылдоочу­лукка салыш-тыруу менен молекуланын химиялык түзү­лүшүн, атомдордун өз ара байланышын, комп­лекс түзүүнү ж. б. аныктоого болот. М. х-нда парамагнетиктерди изилдөөдө алардын экспери­менттен алынган магниттик моментин теориялык жол менен эсептелген магниттик моментине са­лыштырып, молекуланын химиялык түзүлүшү анык­талат. Координаттык бирикмелердин молекула­ларынын парамагнеттик касиети алардын жуп­талбаган электрондору, кристаллдык (лиган­дык) талаанын чыңалышы жана симметриясы менен аныкталат. Парамагнетиктик кабылдоочу­лук диамагнетикке караганда алда канча чоң бол­гондуктан, М. х-нын ыкмалары ферромагнетик­тердин кошундусун табуу үчүн колдонулат. М. х-нда заттын химиялык тең салмактуулугуна, андагы ар кандай кубулуштардын кинетикасына, химиялык реакциялардын механизмине магнит талаасы­нын тийгизген таасирин изилдөө чоң мааниге ээ.

Ад.: Карлин Р. Л. Магнетохимия. М., 1989; Калин­ников В. Т„ Ракитин Ю. В. Современная магнето­химия. СПб., 1994.