МАГНИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска

МАГНИЙ (латынча’ Ма^пезшт), М& - элементтер­дин мезгилдик системасынын II тобундагы химиялык элемент. Катар номери 12, атомдук массасы 24,312. Жараты­лышта туруктуу 3 изотоптон 24М§, 25М§, 26М£ турат. 1808-жылы англ. химик Г. Деви ачкан. М. - ак, күмүш түстүү, өтө жеңил металл, эрүү I 651°С; кайноо I 1107°С. Атомдук радиусу 1,60А, ты­гыздыгы 1,739 г/см?. М. массасы боюнча жер кыр­тышында 2,10%ти түзөт. М. 200гө жакын минералдардын курамында кездешет. Өндүрүштө магнезит, доломит жана карналит минералдары­нан алынат. Ө. ж-да суусуз М§С12 же

карнал­литке аз өлчөмдө натрий, калий, кальций туз­дарын кошуп, 720-750°Сде эритип, электро­лиздөө жана доломитти же М§О2ни көмүр, крем­ний, алюминийдин жардамы аркылуу калыбы­на келтирүү менен алынат. Бирикмелерде дайыма II валенттүү, химиялык жактан өтө активдүү, абада тез кычкылдангандыктан, металлды андан ары сактоочу жука кабыкча М&О менен капталат. Бул кабыкча 350°Сге чейин гана туруктуу. Температура 600-650°Сге жеткенде магний күйүп, оксидди М^О, азот менен нитридци Ме3ЬГ2 көмүртек менен кар­биддерди М£С2, М£2С3, суутек, галогендер же кү­күрт, 8О2, N^8 менен ысытууда гидридци МцН2, галогениддерди жана сульфидди М&8 пайда кы­латынча Концент. күкүрт кислотасында же анын азот кислотасы менен болгон аралашмасында, ошондой эле ще­лочтордун эритмесинде эрибейт. Бирок аммоний­дин же НаНСО3түн суудагы эритмесинде жак­шы эрип, комплекстүү катиондорду пайда кы­латынча М. көпчүлүк металлдарды алардын тузда­рынын суу эритмесинен сүрүп чыгарат. Мине­рал кислотанын суюлтулган эритмелери менен реак­цияга кирет. Үстүнкү бетине фторид М^Г2 ка­быкча пайда болгондуктан, плавик кислотасында эрибейт. М. - күчтүү калыбына келтиргич, кээ бир металл жана металл эместерди оксиддери менен галогениддеринен сүрүп чыгарат. Сууда эрүүчү туздарына щелочторду таасир этүүдөн М. гид­роксиди чөкмө түрүндө алынат. М-дин А1, 2п, Мп ж. б. куймалары жеңилдиги, бекемдиги, кор­розияга туруктуулугу менен маанилүү. М. маши­на жана самолёт куруу ө. ж-нда, медицинада кол­донулат. Б. М. Боркоев.