ЛЮБЛИН УНИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
ЛЮБЛИН УНИЯСЫ - Польша менен Улуу Литва княздыгын бир мамлекетке - Речь Посполитага бириктирүү жөнүндөгү макулдашуу. Ал 1569-жылы январда Люблин шаарында поляк жана литва феодалдарынын жалпы сейминде каралып, 1569-жылы 28-июнда кол коюлган. Л. у. боюнча Польша менен Литванын мамлекеттик түзүлүшү жана акча системасы бирдей, жалпы сейми болушу белгиленгенетикалык Речь Посполитаны поляк жана литва феодалдары биргелешип шайлаган король башкарган. Л. у. Улуу Литва княздыгынын бир бөлүгү Полыпага кошулгандыгын ырастап, Ливонияны жалпы ээлик деп жарыялап, ич ара бажыны жойгон. Бирдиктүү мамлекет катары Речь Посполита эл аралык аренага чыкса да, Литвада мыйзам чыгаруу, сот, жогорку администрациялык, казына, аскер ж. б. кызматтар сакталып, орус (беларус) тили расмий тил болуп калган. Мамлекеттин бул белгилери 17-18-к-дын аралыгында жоюлуп, Л. у. өз күчүн 1795-жылы чейин сактаган.