ЛОС-АНЖЕЛЕС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОС-АНЖЕЛЕС - АКШнын түштүгүндөгү ири порт шаар (жылына 25 миллион т жүк ташылат). Тынч океандын жээгинде жайгашкан. Калифорния штатында. Калкы 3,9 миллион (2010; Чоң Анжелестики шаар айланасы менен 13 миллион). Шаар түндүктөн түштүктү карай 80 кмге созулуп жатат. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын батышындагы башкы экономикалык борбор. Авиа-космос, радиоэлектроника, машина куруу, аскер, химиялык, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан нефть казылып алынат. Кино ө. ж-нын жана видео бизнестин (Голливуд) башкы жана илимий-из-нүн ири борбору. Үч университет (анын ичинде Түштүк Калифорния), музейлер (анын ичинде Л.-А. графтыгынын табигый тарыхы жана искусствосу ж. б.) бар. Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн Оуэн көлүнөн жана Колорадо д-нан суу алынат. Л.-А-те X, ХХШ олимпиа оюндары (1932, 1984) өткөрүлгөн. Шаардын четинде деңиздик климаттык курорт жайгашкан. 1781-жылы испандар та-
рабынан негизделген. 1848-жылы чейин Мексиканын курамында болгон. Туризм өнүккөн.
