ЛОНДОН (шаар): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОНДОН, Чоң Лондон (Greater London) - Улуу Британия Кошмо королдугунун жана Түндүк Ирландиянын борбору. Түндүк деңизинин жээгинде, Темза д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан порт (жылына 60 миллион гжүк ташылат). Калкы 7,7 миллион (2010). Калкьгнын саны боюнча дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири. Эл аралык аэропорттору (Хитроу жана Гетуик) бар. Чоң Лондон конурбациясынан (32 шаар округунан) турган өзгөчө администрациялык бирдикти - метрополитен графтыгын түзөт. Л. - дүйнөлүк финансы, ишкер, маданий жана туристтик борбор.
Л-го тиешелүү райондор - Сити, Вестминстер (король резиденциясы; Букингем ак сарайы),
Уэст-Энд (заманбап курулуштар жана соода түйүндөрү), Ист-Энд (шаардын эски бөлүгү жайгашкан). Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Вестминстер аббатчылыгында готика стилиндеги чиркөө Генрих УШнин капелласы менен (1503-19), Тауэр чеби (11-к.), Хэмптон-корт ак сарайы (1515), Ыйык Павел собору (1675-1710, арх. К. Рен) сакталган.
Л. римдиктер тарабынан биздин заманга чейинки 50-жылдары чеп катары (Темза д-нын боюнда) негизделип, кийин дарыя жана деңиз соода порту, 1-к-дын 2- жарымынан Римдин Британ провинциясынын борбору. 5-6-к-да англ-сакстар басып алган, 7- к-дан порт жана соода борбору катары кайра калыбына келе баштаган. 604-жылдан епископчулуктун борбору. 9-11-к-да бир нече жолу викингдердин кол салуусуна дуушар болгон. Англияны норманндар караткандан (1066) кийин соода байланышы күчөп, 11-к-дын аягы - 12- к-дын башында Англиянын расмий борбору. 1265-жылы шаарда 1-жолу парламент чакырылган. 16-к-да Л-до ири соода кампаниялары (Москва кампаниясы, 1554 же 1555; Британиялык ОстИндия кампаниясы, 1600 ж. б.) түзүлгөн. 18- к-дын башында Л. дүйнөлүк финансы борборуна айланып, Лондон Ситиге эбегейсиз капитал топтолгон. 1800-жылы Л-дун калкы 1 млндон ашкан. 1829-жылы Л-до омнибус пайда болгон, 1860- 63-ж. дүйнөдөгү биринчи метрополитен курулган. 19-к-да Л. жумушчу кыймылынын ири борбору жана чартисттик кыймылдын (к. Чартизм) очогу болгон. 1847-жылы Л-до коммунисттер союзунун 1-, 2-конгресстери өтүп, 1864-жылы 1-Интернационал негизделген. 1900-жылы Л-до Лейбористтер партиясы түзүлгөн. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында анда революциячыл эмигранттар К. Маркс (1849-83), Ф. Энгельс (1870-95), Париж коммунасынын (1871) көп мүчөлөрү, Анын Ичинде Герцен ж. б. иш жүргүзгөн. «Искра» гезити чыгарылган. Л-до Лениндин жетекчилиги менен 1903-07-ж. РСДРПнин 2-, 3-, 5-съезддери өткөрүлгөн. 1920-жылы 31-июль - 1-августта Л-до Улуу Британия компартиясынын уюштуруу съезди болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта германиялык авиациянын бомбалоосуна дуушар болуп, шаарды калыбына келтирүү 1950-жылдардын биринчи жарымына чейин созулган. Л-дун бүткүл шаардык агломерациясы 1965-жылдан Чоң Лондон деп аталат. Л-до 1949-жылдан тынчтыкты коргоо боюнча улуттук конгресстер жана конференциялар өткөрүлөт. Л-до көптөгөн дипломатиялык жолугушуулар, кеңешмелер жана эл аралык конференциялар болуп турат.
Ө. ж-нын негизги тармактары: машина (негизинен авиа) жана прибор куруу, металл иштетүү, кеме ремонттоо, электр-техникалык, радиоэлектроника, тамак-аш - татымал, кагаз, полиграфиялык, химиялык, тигүү ж. б. Өлкөнүн йл. жана маданий очогу. Университет (1836), Лондон королдук коому (1660), Британия (1901) жана Королдук искусство академиялары, Лондон географиялык коому, техникалык ЖОЖ, Улуу Британия королдук институту ж. б. илимий мекемелер жана илимий коомдор бар. Үч жүздөн ашык музей (анын ичинде Британия музейи, Виктория жана Альберта музейи ж. б.), улуттук жана Тейт галереялары, Уоллес жыйнагы, 80ге жакын театр (анын ичинде «Олд Вик», королдук Шекспир театрынын филиалы, «Ковент-Гарден», «Ройял-Корт», «Друри-Лейн») ж. б. иштейт. IV, XIV, XXX олимпиялык оюндар (1908, 1948, 2012) өткөрүлгөн. Л-догуХайгет бейитине К. Маркстын сөөгү коюлган.
Ад.: Лондон // Болыпая Российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.
