ЛОЗАННА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛОЗАННА -
Швейцариянын түштүк-батышындагы шаар. Во кантонунун администрациялык борбору. Өлкөдөгү Женевадан кийинки 2-шаар. Женева көлүнүн түндүк жээгинде (порт), Женева ш-нан 66 км түндүк-чыгышта, Юра массивинин түштүк этегинде жайгашкан. Калкы 125,2 миң (2010; Уэи чет өлкөлүктөр; шаар агломерациясында 250 миң). Ири жолдор тоому. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн экономикалык жана маданий. борбору. Биздин заманга чейинки 4-к-да пайда болгон. Ыйык Франциска чиркөөсү (1270), Сент-Мер епископторунун сепили (1400), академиянын имараты (1579-87; учурда мектеп), эски госпиталь (1766-71; учурда мектеп), неоренессанс стилиндеги Л. университетинин корпусу, «Рюмин ак сарайы» (1898-1906), «Бель-Эр-Метрополь» бийик комплекси (бийиктиги 55 м; 1929-32) ж. б. сакталган. Университет (1537; 20 институту), АКШнын онкология оорулар институтунун филиалы, политех. жогорку мектеп (1853), бир нече адистештирилген окуу жайлары, Атенеум (194'5), китепканалар, музейлер (асем, дизайн жана заманбап искво, М. Шагалдын, Ж. Арпанын, С. Далдын айнектен жасалган чыгармалар топтому), сүрөт галереясы, Эрмитаж парк музейи, театр ж. б. бар. Л-да Эл аралык олимпия комитетинин, тамеки индустриясынын дүйнөлүк ири концернинин,
энергетика корпорациясынын штаб-квартиралары, 14 эл аралык спорт федерациясы жана арбитраж соту, допингге каршы дүйнөлүк агентчиликтин Европадагы өкүлчүлүгү, бир нече спорт курулуштары жайгашкан. Радиоэлектроника, электр-техникалык, так механика жана оптика, фармацевтика, жеңил (саркеч кийимдер), тамак-аштатымал ө. ж. ишканалары иштейт. Зер буюмдар чыгарылат. Жүзүмчүлүк менен бакчылыктын борбору. Жыл сайын эл аралык марафон өткөрүлөт. Туризм өнүккөн.