ЛЛОЙД ЖОРЖ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 00:59 учурдагы соңку нуска
ЛЛОЙД ЖОРЖ Дэвид (17. 1. 1863, Манчестер - 26. 3. 1945, Уэльс, Карнарвоншир, Лланистимдуиге жакын Тай-Неуит) - Британиянын мамлекеттик жана саясий ишмери; Либералдык партиянын лидерлеринин бири. Мугалимдин үйбүлөсүндө туулуп, юридикалык кызматтарда иштеген. 1888-жылы Уэльстеги Карнарвоншир графтыгынын муниципалдык кеңешине олдермен болуп шайланган. 1890- 1945-жылы британ парламентинин Общиналар палатасына депутат

(Либералдык партиядан). 1905-08-ж. Г. Кэмпбелл-Баннермандын либералдык кабинетинде соода министри, 1908-15-ж. Г. Г. Асквиттин өкмөтүндө финансы министри. Консерваторлордун колдоосуна таянып, 1916-жылы декабрда Асквиттин либералдык өкмөтүн кулаткан. 1919-22-ж. коалициялык өкмөттүн премьер-министри болгон. 1919-20-ж. Париж тынчтык конференциясында көрүнүктүү роль ойноп, Версалъ тынчтык келишимин (1919) түзүү демилгесин көтөргөн. 1919-20-ж. Түркиядагы улуттук-боштондук кыймылга каршы согушту жактаган. Гитлердин улутчул саясатын колдоп, СССРге каршы күрөш жүргүзүүгө умтулган. Фашисттик бийликтин саясатына туура түшүнгөндөн кийин, Англияны СССР менен достук мамиле түзүүгө чакырган. 1945-жылы граф титулун алган.