МАЛАВИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАЛАВИ (англ. Malawi, чичевача Mala-wi), Малави Республикасы (Republic of Malawi, Dziko la Malawi) - Африканын түштүк- чыгышындагы өлкө. Түндүк-чыгышынан Танза­ния, түштүк-чыгышынан, түштүгүнөн жана түштүк- батышынан Мозамбик, батышынан Замбия

менен чектешет; Танзания менен чек арасынын ба­сымдуу бөлүгү жана Мозамбик менен чек арасынын жарымы Ньяса көлү (Малави) аркылуу өтөт. М. деңиз менен чектешпейт. Түштүк-чыгышынан Танзания (Ньяса көлү аркылуу), түштүк-чыгышы­нан, түштүгүнөн, түштүк-батышынан Мозамбик (Ньяса көлү аркылуу) батышынан Замбия менен чектешет. Аянты 118,5 мин кмг (анын 24,2 миң клг2ин Ньяса көлүнүн акваториясы ээлейт). Калкы 15,4 миллион (2010). Борбору - Ли­лонгве. Администрациялык-аймактык жактан 3 провинцияга, алар

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Провинция­лары

Аянты, мин км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Борбордук

35,6

5 992

Лилонгве

Түндүк

27,0

1 862

Мзузу

Түштүк

32,0

5 947

Блантайр

өз ичинен 28 округга бөлүнөт. Акча бирдиги - малави квачасы.

М. - БУУнун (1964), Шериктештиктин (1964), Африка биримдигинин (1964; 2002-жылы чейин Аф­рика биримдиги уюму), ЭВФтин (1965), Эл ара­лык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1965), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы -

президент­тик республика. Өкмөт жана мамлекет башчы­сы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чы­гаруу бийлигинин жогорку органы - эки пала­талуу парламент (Улуттук чогулуш жана Сенат). Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Баш­каруучу саясий партиялары: Демокр. прогрес­сивдүү партия, М. Конгресс партиясы жана Би­риккен демокр. фронт.

Т а б и я т ы. Мененын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоо ээлейт. Аймагы Чыгыш Африка рифт системасына кирген Ньяса көлүнүн грабе­нин жээктей меридиан багытында созулуп жа­тат. Өлкөнүн кыйла бөлүгүндө цоколдук дену­дациялык (басымдуу бийиктиги 1000-1500 м бол­гон) бөксө тоолор кездешет. Батышында Ньика (бийиктиги 2670 мте чейин), борбордук бөлүгүндө Ви­пья ж. б. платолор, түштүгүндө Дедза тоолору (2198 м) орун алган. Калган бөлүгүндө тоо этек­тей түздүктөр, көл жээктей аккумуляциялык жана денудациялык түздүктөр созулуп жатат. Мененин аймагы Африка платформасынын түштүк- чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Кен байлыкта­ры: боксит, ниобий, фосфор кенташтары, сей­рек жер элементтери, уран, никель, таш көмүр, рубин, сапфир ж. б. М. субэкватордук климат­тык алкакта жайгашкан. Өлкөнүн климатына Ньяса көлүнүн акваториясында пайда болгон аба массасынын таасири өтө зор. Эң жылуу айы - ноябрдын орт. температурасы 20-27°С, эң суук айы - июлдуку 14-19°С. Жайы жаанчыл, кышы кур­гакчыл. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 700 лгаден 2500 лглгге чейин рельефтин өзгөчө­лүктөрүнө жана Ньяса көлүнө алыс же жакын жайгашуусуна жараша өзгөрөт. Өлкөнүн айма­гынын 90% ке жакын аянты Инди океанынын алабына кирет. Гидрогр. тармактары дээрлик бүт Ньяса көлү менен байланыштуу. Эң ири дары­ясы - Шире, Ньяса көлүнөн башталып, Замбе­зиге оң тараптан куят. Башка дарыялары: Түштүк Рукуру, Двангва, Буа, Лилонгве ж. б. Эң ири көлү - Нъяса, чондугу боюнча Африкадагы 3-көл, өлкөдөгү тузсуз суунун негизги булагы, Мененин

Тоо этегиндеги калктуу конуш.

МАЛАВИ

социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө мааниси зор. Мененин борбордук бөлүгүндө тоонун кызыл, Лилонгве пла­тосунда жана өлкөнүн түштүк бөлүгүндө кызыл-сары ферралит, ири дарыя өрөөндөрүндө жана көл ойдундарында аллювий, тропиктик саз топурак­тар таралган. Мененын аймагынын 20% ке жакы­нын токой ээлейт; түндүк бөлүгүндө сезондуу ным­дуу, калган аймагында жалбырагы күбүлмө кур­гакчыл токой басымдуу. Тоолоруна бийиктик, алкактуулук мүнөздүү; дениз денг. 2000 .иден жо­гору тоо-шалбаа ландшафты таралган. Өлкөнүн аймагынын 37% ин саванна, сейрек токой жана кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Мененын жеринин 16% и коргоого алынган. Алардын ирилери: Ньики, Ливонде, Ленгве, Касунгу улуттук парк­тары, Нкота-Кота, Вваза-Марш резерваттары. ЮНЕСКОнун Табият жана маданият мурасынын тиз­месине Ньяса улуттук паркы (1984), аскаларга түшүрүлгөн сүрөттөр кирген.

К а л к ы. Мененын элинин басымдуу бөлүгүн (99%тен ашыгын) бантулар түзөт; анын ичинде 53,1%и малавилер, 1,1%и - ньякьюся, ндали, ламбья (түндүгүндө), 11% и - нгони (батышында жана борбордук бөлүгүндө), 2,1% и - тонга (чыгышында), 18% и­ломве (түштүк-чыгышында), 14% и - яо

Блантайр шаарындагы көчөлөрдүн бири.

ж. б. Расмий тилдери - англис, чичева (чева) тилдери. Мененин калкынын 51%ке жакыны про­тестант деноминациясынын өкүлдөрү, 29% и ка­толиктер, 13% ке жакыны мусулмандар. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 163,3 киши (2010). Кал­кынын жашынын орт. узактыгы эркектерини­ки - 50,2, аялдардыныкы - 51,6 жаш. Төрөлүү­нүн деңгээли жогору (1000 адамга 39,7), өлүм-жи­тим ЮООге 11,8 (жаш балдардын өлүмү өтө жо­гору, ЮООге 83,5). Шаар калкы 20% (2010). Ири шаарлары: Лилонгве, Влантайр, Маузу, Зомба.

Т а р ы х ы. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта М. аймагын банту тил тобундагы уруулар мекен­деп, жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланган. Мененин азыркы аймагына 11-14-к-да нгони жана ваяо уруулары отурукташып, кийинчерээк алар өзүлөрүн малавилер деп аташып, Марави мам­лекетин түзүшкөн. Марави өкмөтү коңшу элдер менен соода-сатык (балык, пил сөөгүн, темир буюм­дарын сатышкан) иштерин жүргүзгөн. 18-к-да ич ара согуштардын натыйжасында Марави ыдырап, малавилер бир нече топторго (

ньян­джалар, чевалар, мангаджалар ж. б.) бөлүнгөн. 19-к-дын 2-жарымында Ньяса көлүнүн аймагы Улуу Британия, Германия, Португалиянын та­лашына түшүп, акыры ал Улуу Британиянын Ньясаленд протектораты деп жарыяланган (1893-1907). Ушундан кийин өлкөдө англ. үс­төмдүккө каршы улуттук-боштондук күрөш баш­талып, ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин күчөгөн. 1944-жылы М-де түзүлгөн алгачкы саясий уюм - Африка улуттук конгресси (АУК) жергиликтүү калктын социалдык укуктарынын кеңейиши үчүн күрөшкөн. Родезия жана Ньясаленд Фе­дерациясынын (1953) жоюлушун жана Ньяса­лендге эркиндик берүүнү талап кылган. 1961-жылы августтагы шайлоодо М. конгресс партиясы (1959-жылы түзүлгөн) бийликке келген. Ньясаленд 1963-жылы декабрда Родезия жана Ньясаленд Феде­рациясынан чыгып, 1964-жылы 6-июлда М. Бри­тан шериктештигинин курамындагы көз ка­рандысыз мамлекет, 1966-жылы республика болуп жарыяланып, президенттикке X. К. Банда шай­ланган. 1966-жылы жаңы конституциясы кабыл алынган. 1970-жылдан X. К. Банда өлкөнүн түбөлүк президенти деп жарыяланган. М. 1964- жылдан ООНго мүчө. 1980-жылы экспорттук товар­ларга (тамеки, чай ж. б.) дүйнөлүк баанын түшү­шү жана экономикалык кризистен М. начарлаган. Инф­ляция, жумушсуздуктун өсүшү элдин нааразы­лыгын туудурган. 1993-жылы өткөрүлгөн референ­думдун жыйынтыгы менен өлкөдө көп партиялуу система киргизилип, 1994-жылы президенттикке Б. Мулузи шайланган. Анын өкмөтү Банданын экономикалык курсун уланткан, натыйжада элдер жа­кырланып, өлкө оор абалда калган. 2004-жылы президенттикке шайланган Б. ва Мутарика кор­рупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзүп, өлкөнүн а. ч-н көтөргөн.

Чарбасы. М. — дүйнөдөгү начар өнүккөн агрардык өлкөлөрдүн бири. Экспортко чыгарылган а. ч. продукциясы өлкөгө түшкөн валютанын 90% ин камсыз кылат. ИДПнин көлөмү 13,51 миллиард долларды (2010, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 44,9, а. ч-ныкы 33,4, ө. ж. жана курулуштуку 21,7. Боксит, уран, таш көмүр, курулуш таш­тары ж. б. казылып алынат. 2006-ж 1,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын көп-

Малави акчасы - малави квачасы.

чүлүгүн Шире д-нда орун алган ГЭС каскаддары («Nkula Falls» 214 миң кВт-с, «Tedzani Falls» 66,35 миң кВт-с, «Kapichira» 64,8 миң кВт-с) жана 10% ин ТЭС өндүргөн. А. ч. сырьёсун кайра иштетүүчү (ун, тамеки, чай ж. б.), тамак-аш, жыгач иштетүү, жер семирткич ж. б. ө. ж. иш­каналары иштейт. Экспорттук а. ч. продукту­лары: тамеки, чай, бал камыш, жер жаңгак, пахта ж. б. Негизги азыктары - жүгөрү, мани­ок, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой; бодо мал, чочко асыра­лып, үй куштары багылат. 0. эле балык уулоо жүргүзүлөт. Автомобиль жолунун узундугу 28,4 миң км (2008; а. '/4 бөлүгү асфальтталган), т. ж-нуку 0,797 км. Шире д-нда жана Ньяса көлүндө кеме жүрөт. Ири порттору: Чипока, Монки-Бей, Нко­та-Кота, Чилумба. Сыртка тамеки, кант, чай ж. башкача айтканда ч. продуктуларын чыгарат. Негизги соо­да шериктештери: Германия, АКШ, Россия, ТАР, КЭР, Нидерланд, Танзания ж. б.

Лилонгведеги таме­ки сорттоо.

Маданияты. Билим берүү милдеттүү акысыз 8 жылдык башталгыч, 4 жылдык орто жана 4 жылдык жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 71,8% (2008). М. университети (1964), Мзузудагы университет (1999), М. улуттук архиви (1947), Улуттук китепкана­сы (1968), М. музейи (1959) жана бир нече илимий- изилдөө мекемелери бар. Англис тилинде «Тйе ПаИу Т1тез», «Ма1а\¥1 Сгоуегптеп! СагеНе», анг­лис жана чичева тилинде «Тйе Ма1а%п Хелуз», «Тйе Айлкап», «ТЫз 1з Ма1а\ү1» ж. б. гезит-журнал­дары чыгат. Радиоуктуруусу 1964-жылдан, теле­көрсөтүүсү 1969-жылдан, улуттук маалымат агенттиги 1966-жылдан иштейт.

М. адабияты англис тилинде өнүгүүдө. Алгачкы чыгармалары агартуучулук мүнөздө: 1960-жыл­дардын ортосунда улуттук поэзия, ошондой эле про­зада жанрындагы тарыхый чыгармалар жа­ралган.

20-к-дын орто ченинен М-де модернизм сти­линдеги курулуштар салына баштаган (Зомба­дагы Парламенттин имараты, 1957).

Профессионалдык сүрөт искусствосунда жыгач, таш, зер буюмдарды жасоо ж. б. өнүгүүдө.

Музыкасы малави, нгони, яо, макуа ж. б. элдердин салттары жана ошондой эле батыш музыка­сынын таасиринде өнүкөн.

Ад.: Малави//Большая российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011; Малави//Географиялык энциклопе­диялык сөздүк. Ф., 1987; Малави//Всё о странах мира, Санкт-Петербург, 2006.