МАЛА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЛА, тырмоок - топуракты жумшартууда жана өсүмдүк өстүрүүдө колдонулуучу а. ч. шайманы. М. - дыйканчылыкта колдонулган эң байыркы куралдардын бири. М. адегенде унаага сүйрөтүлгөн, азыр тракторго асылып же чиркелип иштейт. Жумушчу бөлүгүнө карата тиштүү жана дисктүү М-га айырмаланат. Тиштүү М. айдоонун топурагын майдалоо, күздүк айдалган талаадагы топурак кыртышын жазында жумшартуу, үрөн себүү алдында айдоону текшилөө, айдоого чачылган үрөндү жана минерал жер семирткичти көмүү, отоо чөптү жок кылуу ж. б. иштерди аткарууда колдонулат. Тиштүү Мененын негизги жумушчу бөлүгү - жумуру, үч же төрт кырдуу, бычак сымал формадагы болот тиштери. Тиштери рамага бекем, шарнир же бурама менен орнотулат. Тиштүү Мененын тор, пружина түрүндөгү отогуч, шалбаалык, айланма бычактуу, таман тиштүү, жайыт малалоочу түрлөрү чыгарылат. Дисктүү М. негизинен чымдуу, катуу топуракты майдалоодо колдонулат. Анын жумушчу органы - түрдүү формадагы дисктер. Дисктүү М. талааны, бак-дарактуу жерди, сазды малалоочу болуп бөлүнөт. Дисктер 5-9дан бириктирилип орнотулат.