МАКТОО ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАКТОО ЫРЛАРЫ — элдик оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын бир түрү; конкреттүү бир адамга же топко карата мактоо, алардын жакшы сапаттарын даңазалоо мүнөзүндөгү чыгармалар. Айрым акындар мындай ырларды өздөрү кызматын аткарган кишилердин мартабасын ашыруу максатында пайдаланышып, анын байлыгын, бийлигин, а түгүл айрым терс жактарын да жакшы сапат катары көкөлөтө ырдашып, өздөрүнүн «эшик ырчылык» парзын аткарышкан. Ал эми элдик акындар карапайым адамдардын өнөрүн, баатырдыгын, адамдык сапаттарын даңазалашкан. М. ы-нда максатына жараша гипербола, салыштыруу көп пайдаланылат жана макталып жаткан адамдын жакшы жактары биринчи планга коюлат. М. ы. мазмуну социалдык-экономикалык мамилелердин мүнөзүнө ылайык өзгөрүп келген. Мисалы, Октябрь революциясына чейин оор турмуштан кыйналган ырчылар кара жандын айынан улам бирөөнү мактап, андан бирдеме өндүрүп алууну көздөгөн учурлары болгон. Жаңы коомдун түзүлүшү менен анын
мазмуну өзгөрүп, социалисттик коомдогу, карапаиым, ак пейил адамдардын эмгеги, каармандыгы даңктала баштаган. Т. Сатылгановдун «Баймурат», «Даңканай орден алганда», 0. Бөлөбалаевдин «Бейшенаалы баатырга», «Таалайлуу элдин бир кызы» деген ырлары ушундай мазмундагы М. ы-нын мыкты үлгүлөрүнөн.