МАКСИМОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАКСИМОВА Екатерина Сергеевна (1. 2. 1939, Москва - 28. 4. 2009, ошол эле жер) - балерина, СССР эл арт. (1973). Ленин комсомолу сыйл. (1972), СССР мамлекеттик сыйл. (1981), «Академия

Е. Максимова - Жи зель. А. Адал, «Жи­зель».

Симба» эл аралык сыйл. (Италия, 1984), кино жаа­тындагы РСФСР­дин мамлекеттик сыйл. (1984) лауреаты. Россия театр иск­восу академиясы­нын проф. (1996), «Кремль балети» театрынын (1990- жылдан), Чоң театрдын (1998- жылдан) педагог-репетитору. Москва хореогр. окуу жайын бүтүргөн (1958). 1957-жылы хореогр. окуу жайында окуп жүргөндө эле П. Чайков­скийдин «Щелкунчик» балетинен Машанын партиясын аткарып, таланттуу бийчи катары таанылган. 1958-88-ж. Москвадагы Чоң театр­да иштеген. Аткарган негизги партиялары: Жизель (Адан, «Жизель»), Китри (Минкус, «Дон­Кихот»), Одетта-Одиллия, Аврора (Чайковский, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу»), Балерина (Стравинский, «Петрушка»), Жульетта, Катери­на (Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», «Таш гүл») ж. б. М. дүйнөлүк балет артисттери В. Ва­сильев (күйөөсү), М. Лиепа, Фадечеев, М. Лав­ровский, Богатырев менен бийлеген. Киного да тар­тылган («Галатея», «Эски танго», «Анюта», «Чаплинианада», «Катя Володя» ж. б.). Анна Павлова сыйл. (1969), Мариус Петипа сыйл. (1972; экөө тең Париж) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.