МАКРОЭВОЛЮЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАКРОЭВОЛЮЦИЯ (макро... жана эволюция) - түрдөн жогорку рангдагы таксондордун (уруу, тукум, түркүм, класс ж. б.) калыптанышына түрткү берүүчү эволюциялык кайра жаралуу. «М.» терминин орус окумуштуусу Ф. А. Филипченко киргизген (1927). Ага удаа эле кээ бир окумуштуулар М. сапаты боюнча өзгөчө процесс деп эсептешкен. Бирок көпчүлүк заманбап эволюционисттер Мененын атайын механизми жок, микроэволюция процесстеринин натыйжасында гана болот деп тушүндүрүшөт. Микроэвол. процесстер чогулуп, сыртынан М-лык кубулушка ээ болот. М. узак тарыхый эволюциялык өзгөрүүлөрдүн жалпыланган сүрөттөлүшү болуп эсептелет. Ошондуктан органикалык дүйнөнүн эволюциясынын тенденциясы, багыты жана закон ченемдүүлуктөрү М-да гана байкалып, микроэволюциялык деңгээлде байкалбайт.
Ад.: Иорданский Н. Н. Макроэволюция: Системная теория. М„ 1994.