МАКРОСПОРИОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАКРОСПОРИОЗ - өсүмдүктүн кеңири тарал­ган илдети, Масгозрогшт уруусундагы козу ка­рын пайда кылат. Илдетке чалдыккан өсүмдүккө ар кандай өлчөмдө, формада жана түстө так түшүп, ал жердеги клетка өлөт. Өсүмдүктүн илдетке чалдыккан тканына кара кебер (өңөр) түшөт. Айрыкча картошка жана томат М-у (ил­дет козгогучу Масгозрогшт зо!аш), жүзүм М-у (М. ҮШз), гозо М-у (М. т£г1.сап1шт) өтө зыян­дуу. Илдет козгогучтар конидия түрүндө тарап, өсүмдүк калдыктарында кыштайт. Илдет күчөп кетсе, өсүмдүк куурап калат. Каршы күрөшүү чаралары: туура которуштуруп айдоо; илдетке туруктуу өсүмдүк сортторун эгүү; өсүмдүк кал­дыктарын жок кылуу; терең коңтормо айдоо; өсүмдүккө фунгицид чачуу ж. б.