МАКИАВЕЛЛИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАКИАВЕЛЛИ Никколо (3. 5. 1469, Флоренция, Сан-Кашано кыш. - 22. 6. 1527, ошол эле жер) - итал. ойчул, мамлекеттик саясий ишмер, жазуучу, тарыхчы жана аскердик теоретик. Латын жана итал. классиктердин эмгеги менен жаш кезинен тааныш болушу келечекте анын мамлекеттик иштерге катышуусуна жардам берген. 1494-жылы Флоренция кайрадан респ. болуп жарыяланганда, М. мамлекеттик катчы жана элчи (1498-1512) болуп иштеген. Рим папасы (Юлий II), Людовик XII, Фердинанд II ж. б. мамлекет башчылары менен кызматташууга мүмкүнчүлүк алып, маанилүү дипломатиялык тапшырмаларды аткарган. Медичинин бийлиги калыбына келгенден кийин (1512) М. куугунтукталып, камакка алынган (1513). Бирок тез эле акталып чыккан жана Флоренцияга жакын айылга (Сан-Кашано) көчүп барып, саясий философияга арналган трактаттарды жазууга киришкен. «Өкүмдар», «Тит Ливийдин биринчи он күндүгү тууралуу ой жүгүртүүлөр» ж. б. эмгектерди жараткан. Эмгектеринде М. респ. түзүлүштү жактаган. Мамлекетти коомдогу саясий абал (бийликтегилер менен анын кол алдындагы адамдардын мамилеси) деп түшүндүрүп, ага ылайык башкаруу институтун жана мыйзамдарды түзүүнү сунуштаган. Ошондой эле «саясатты» илимге кереги бар тажрыйба деп баалап, «өткөндү түшүндүрүп», «учур чакта жетектеп», «келечек үчүн сабак болорун» көрсөткөн. 1520-жылы ноябрда кайрадан Флоренцияга чакырылып, историограф кызматына ээ болгон жана 1525-жылы «Флоренциянын тарыхы» («1в1ог1е йогепПпе») деген көп томдуу эмгегин жазып бүтүргөн.
Ад.: Алексеев А. С. Макиавелли как политический мыслитель. М., 1980.