МАКЕГ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАКЕГ (фр. maquette) - 1) китепти көркөм кооздоо техникасында сүрөтчү-жасалгалоочунун идеясын толук чагылдырган китептин, журналдын алдын-ала жасалган үлгүсү. Ал басма жана басмакана үчүн модель болуп кызмат кылат. Болочок китептин сырткы бетин, мукабасын, титулдук баракчасын М. толугу менен кайталайт. Китеп басуунун компьютердик технологиясына ылайык, азыр форматы, ариби,
вёрсткаланышы, мукабасынын сырты, болочок китептин нускасынан дал өзүндөй даярдалып, электрондук версиясы менен бирге басмаканага тапшырылат; 2) театр жасалгалоо техникасында 1\20,1\25 масштабында спектаклдин жасалгалык чечимине ылайык - жасалга эмерек, кырдаалды түзгөн, катышуучулардын фигураларын толук чагылдырган модель. М-тин спектаклди даярдоо процессинде да чоң мааниси бар, себеби сахналык мейкиндик композициясын, мизансценалардын пландаштырылышын ачык-айкын көрсөтөт, анда бир топ практикалык, өндүрүштүк маселелерди чечет.