МАКЕДОНИЯ (тарыхый аймак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАКЕДОНИЯ - Балкан ж. а-нын борбордук бөлүгүн­дөгү тарыхый аймак; Сербиянын түштүк-чыгыш, Грекиянын түндүк-чыгыш жана Болгариянын түштүк- батыш бөлүгүн ээлейт. М. аймагында адам нео­лит доорунда эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5-к-да би­ринчи жолу кул ээлик мамлекет (к. Македония Вайыркы) пайда болуп, биздин заманга чейинки 3-2-к-да аны римдиктер караткан. Биздин замандын 6-7-к-нда М-га сла­вян уруулары отурукташкан. 0. кылымда М. ал­мак-салмак Византиянын, Болгар падышалы­гынын, Стефан Душандын серб мамлекетинин курамына кирип турган. 14-к-дын аягында ос­мон түрктөрү басып алган. 1903-жылы М. аймагында Ички македониялык революциячыл уюм (ИМРУ, 1893-жылы негизделген) улуттук-боштондук көтөрүлүш уюштуруп, аны түрк аскерлери бас­кан. Биринчи Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө М. түрктөрдөн бошотулуп, 1913- жылдагы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бухарест тынчтыгы (1913) боюнча М. Грекия, Сер­бия жана Болгариянын бөлүгүнө түшкөн. Грекия Эгей М-сын, Сербия Вардар М-сын, Болгария Пирин аймагын алган.