МАЙЯ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЙЯ ЖАЗУУСУ — майя индейлеринин жазуусу. Азыркы Мексиканын (Юкатан ж. а.), Гватемаланын, Гондурастын аймагында жашаган индейлерге тиешелүү. Биздин замандын алгачкы кылымдарынан бери белгилүү. 16-к-да испан чиркөөсү тыюу салганга чейин колдонулган. Андан үч чоң

кол жазма, ташка жана карапага түшүрүлгөн көптөгөн жазуулар сакталып калган. М. ж. кайсы түрдөгү жазууга кирери жөнүндө адистердин пикири ар башка болуп келген, .чындыгында фонетикалык жазуу болуп эсептелет. Америкалык окумуштуу Э. Томпсондун пикири боюнча М. ж. - накта идеогр. мүнөздөгү жазуу, ошон үчүн фонетикалык жол менен окуу мүмкүн эмес. Ал эми француз
окумуштуусу Л. де Рони, америкалык окумуштуулар С. Томас жана Б. Уорфтар баштаган изилдөөлөрдү уланткан, ошондой эле белгилүү лингвист Ю. В. Кнорозов М.-ж. идеогр. фонетикалык белгилерден жана детерминаттардан (иероглифтердин маанилерин ажыратуучу кошумча белгилерден) турарын көрсөткөн. Бирок М. ж-ндагы кол жазмаларды окуп чыгуу жана түшүнүү толук ишке ашпай келгенетикалык Учурда бүткүл дүйнөлүк окумуштуулар М. ж-сун окуй алышат.