МАЙЛООЧ МАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАЙЛООЧ МАЙ - нефть же ар кандай синтез­делген продуктуну, ошондой эле өсүмдүк жана жаныбар майларын кайра иштетүүдөн алынган суюк про­дукт. Ал механизмдердин катуу тектиктеринин сүрүлүшүн, бетинин жешилишин жана энергия­нын коромжу болушун азайтуу максатында майлоодо колдонулат. М. м-дын негизги көрсөт­күчтөрү - илээшкектик, дүрт этип күйүү жана тоңуу температурасы, окистенүүгө (кычкылданууга) туруктуулугу эсептелет. Илээшкектүүлүгүнө жа­раша М. м. - жеңил, орто жана оор болуп бө­лүнөт. Ошондой эле авиациялык, вакуумдук, буу менен иштөөчү жана муздаткыч машиналарда, индустриялык, компрессордук, мотордук, трансмиссиялык, пластикалык, турбиналык, трансформатордук, сааттык, электроизоляциялык ж. б. болуп айыр­маланат. Мотордук М. м-лардын негизги мар­касы М6Б, М8В, М10Г дагы ушул сыяктуу тамгалар жана сандар менен белгиленет. Мында М тамгасы майдын мотордук, ал эми сандар болсо 100°С темп-да майдын кинематикалык илээшкекти­гин билдирет. Тыгыздоосу начар же тыгызды­гы дээрлик жок мехаиизмге колдонулуучу ай­рым М. м-га өсүмдүк жана жаныбар майлары кошулат.