МАЗАР-СУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАЗАР-СУУ, Т а ш-Б араң мазары — Жалал-Абад облусу Токтогул р-нундагы кыш­так. Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу. Арым тоо кыркасынын түштүгүндө, деңиз деңгээлинен 1240 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул ш-нан 45 км түштүк-батыш тарапта. Таш­Көмүр т. ж. бекетинен 275 км. Калкы 1555 (2009); негизинен мал багат. Кыштакта белгилүү кыргыз акыны жана драматургу Жоомарт Бөкөн­баев (музейи уюштурулган) жана Социалисттик Эмг. Баа­тыры М. Абдылдаев туулган. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.