«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 3-сап: | 3-сап: | ||
<p>мүнөздөмө берген. Тышкы белгилери <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жазуу ыкмасына карап, аны 18-к-дын аягы-19-к-дын башында көчүрүлгөн деп болжолдоого болот. Кийинчерээк окумуштуу В. А. Ромодин изилдеген, азыр Россия ИАнын Азия элдери <abbr data-short="ин-т" data-full="институт" data-extended="true">институт</abbr>унда сакталып турат; 3-көчүрмөсүн Ала-Бука р-нундагы Баймак айылынын тургуну Н. <em>Жайлообаев</em> Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (1968). «М. а. т-те» Фергана <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Тянь-Шанда жашаган кыргыздар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кыпчактарга тиешелүү уламыштар, «Манас» эпосунан бир нече эпизоддор айтылат. <abbr data-short="О. эле" data-full="Ошондой эле" data-extended="true">Ошондой эле</abbr> бул эмгекте 12-к-да же 1127-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> кыргыздар <em>оң канат </em>(Лур-хан), <em>сол канатка</em> (Лур-бузург) бөлүнүп, түпкү атасы <em>Аналхак</em> болгону, андан <em>Ак уулга </em>чейин 15 ата, <em>Куу уулга</em> чейин 20 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Ак уулдун эки уулу - <em>Отуз уул</em> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>Булгачы</em> [Салус-бек Бул(а)гачы] оң канат аталып, отуз уулдан адигине, <em>муңгуш</em> (мунгкуш), <em>карабагыш,</em> тагай, булгачыдан <em>бостон, тейит, жоо кесек, дөөлөс, кыдырша</em> (Хыдыршах), <em>каңды;</em> сол канатка <em>саруу, кушчу (лалым кушчу), мундуз</em> (ай баш мундуз), <em>басыз, чоң багыш, кытай</em> (сунжек хытай) уруулары кирип, кезегинде ал уруулардын да генеалогиясы берилген.</p> | <p>мүнөздөмө берген. Тышкы белгилери <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жазуу ыкмасына карап, аны 18-к-дын аягы-19-к-дын башында көчүрүлгөн деп болжолдоого болот. Кийинчерээк окумуштуу В. А. Ромодин изилдеген, азыр Россия ИАнын Азия элдери <abbr data-short="ин-т" data-full="институт" data-extended="true">институт</abbr>унда сакталып турат; 3-көчүрмөсүн Ала-Бука р-нундагы Баймак айылынын тургуну Н. <em>Жайлообаев</em> Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (1968). «М. а. т-те» Фергана <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Тянь-Шанда жашаган кыргыздар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кыпчактарга тиешелүү уламыштар, «Манас» эпосунан бир нече эпизоддор айтылат. <abbr data-short="О. эле" data-full="Ошондой эле" data-extended="true">Ошондой эле</abbr> бул эмгекте 12-к-да же 1127-<abbr data-short="ж." data-full="жылы" data-extended="true" data-static="false" data-review="true">жылы</abbr> кыргыздар <em>оң канат </em>(Лур-хан), <em>сол канатка</em> (Лур-бузург) бөлүнүп, түпкү атасы <em>Аналхак</em> болгону, андан <em>Ак уулга </em>чейин 15 ата, <em>Куу уулга</em> чейин 20 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Ак уулдун эки уулу - <em>Отуз уул</em> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>Булгачы</em> [Салус-бек Бул(а)гачы] оң канат аталып, отуз уулдан адигине, <em>муңгуш</em> (мунгкуш), <em>карабагыш,</em> тагай, булгачыдан <em>бостон, тейит, жоо кесек, дөөлөс, кыдырша</em> (Хыдыршах), <em>каңды;</em> сол канатка <em>саруу, кушчу (лалым кушчу), мундуз</em> (ай баш мундуз), <em>басыз, чоң багыш, кытай</em> (сунжек хытай) уруулары кирип, кезегинде ал уруулардын да генеалогиясы берилген.</p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ», «Т а р ы х т а р ж ы й н аг ы» — 1495-жылы фарсы тилинде жазылган Сайф ад-Дин Аксыкентинин чыгармасы. Автор бул эмгекти жазып бүтө электе каза болуп, аны уулу Нур-Мухаммед (Норуз-Мухаммед) аягына чыгарган. Азыркы учурда «М. а. т-тин» үч көчүрмөсү белгилүү. Биринчиси Ленинград (азыркы СанктПетербург) мамлекеттик университетинин китепканасынан табылган жана А. Т. Тагиржанов тарабынан изилденип, жарык көргөн (1959); экинчиси Наманган уездинин Ширкент кыш-нда жашаган Жагды кожо деген кишиде болгон. Аны В. Каллаур таап, алгач ага 1899-жылы 11-марттагы Орус археол. коомунун жыйынында В. Бартолъд
мүнөздөмө берген. Тышкы белгилери жана жазуу ыкмасына карап, аны 18-к-дын аягы-19-к-дын башында көчүрүлгөн деп болжолдоого болот. Кийинчерээк окумуштуу В. А. Ромодин изилдеген, азыр Россия ИАнын Азия элдери институтунда сакталып турат; 3-көчүрмөсүн Ала-Бука р-нундагы Баймак айылынын тургуну Н. Жайлообаев Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (1968). «М. а. т-те» Фергана жана Тянь-Шанда жашаган кыргыздар менен кыпчактарга тиешелүү уламыштар, «Манас» эпосунан бир нече эпизоддор айтылат. Ошондой эле бул эмгекте 12-к-да же 1127-жылы кыргыздар оң канат (Лур-хан), сол канатка (Лур-бузург) бөлүнүп, түпкү атасы Аналхак болгону, андан Ак уулга чейин 15 ата, Куу уулга чейин 20 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Ак уулдун эки уулу - Отуз уул жана Булгачы [Салус-бек Бул(а)гачы] оң канат аталып, отуз уулдан адигине, муңгуш (мунгкуш), карабагыш, тагай, булгачыдан бостон, тейит, жоо кесек, дөөлөс, кыдырша (Хыдыршах), каңды; сол канатка саруу, кушчу (лалым кушчу), мундуз (ай баш мундуз), басыз, чоң багыш, кытай (сунжек хытай) уруулары кирип, кезегинде ал уруулардын да генеалогиясы берилген.