МАДЫЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАДЫЛ (ЕеПв шапи!) — мышыктар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 50 смге, куйругу 21- 31 смге жакын. Кулагы тегерегирээк, буттары кыска, жүнү жумшак, узун, саргыч-боз, жонунун арт жагында жана куйругунда туурасынан кеткен кара жолдору бар. Кичи, Алдынкы, Түштүк жана Бор. Азияда, КМШ өлкөлөрүндө - Казакстандын түштүгүндө, Алтайда, Тувада кездешет. Кыргызстанда өткөн кылымда Ысык-Көл, Чүй, Талас, Теңир-Тоодо жана бийик сырттарда (ҮзөңгүКууш, Сары-Жаз, Ак-Шыйрак ж. б. жерлерде) көп таралган, азыр өтө сейрек. М. токойсуз тоо бетиндеги шагыл таштарды, аска жаракаларын жана талаа, чөлдөрдү мекендейт. Суурдун ийининде жашап, суурга коюлган капканга түшкөн учурлары болгон. Кемирүүчүлөр менен азыктанат, түнкүсүн активдүү. Саны өтө азайып кеткендиктен, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.