МАДАНИЙ КАТМАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАДАНИЙ КАТМАР — адамзат турмушун, чыглыгын чагылдырган археол. калдыктардын катмары. Адам жашаган жерде калган буюмдар, кооздуктар, согуштук жана эмгек куралдары, тамак-аш калдыктары мезгилдердин өтүшү менен М. к-ды түзө берет. Археол. казууда М. к-лар табылып, алардын ар биринин доору аныкталат. Табылган буюмдар аркылуу эстеликтин жашаган доору, ошол мезгилдеги калктын маданияты тууралуу маалымат алынат. М. к-дын жалпы калыңдыгы бир канча миллиметрден ондогон метрге чейин жеткен учурлар кездешет.