МАГРИБ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАГРИБ (арабча- батыш) - Түндүк Африкадагы Тунис, Алжир, Марокконун аймагын камтыган, ошондой эле Ливия, Мавритания жана Батыш Сахара менен бирдикте Чоң М. же Араб Батышын (Араб чыгышынан - Машриктен айырмалаш үчүн) түзгөн регион. Испаниянын мусулмандар жашаган аймагы (Андалусия), Араб халифатынын мурдагы Жер Ортолук деңизиндеги ээликтери - Балеар а., Сардиния, Сицилия да киргизилген. Араб адабий тили менен катар М. өлкөлөрүндө араб диалектилериндеги хасания диалектинде (Мавритания, Батыш Сахара) жана бербер диалектинде жана мальта тилинде (жазуусу латын алфавитинде) сүйлөшөт. 1956-жылы Марокконун королу Мухаммед V жана Тунистин премьер-министри X. Бургиба «Улуу Араб Магриби» деген региондук бирикмени уюштуруу идеясын сунушташкан. 1964-жылы М. өлкөлөрүнүн Туруктуу консультациялык комитети уюштурулган. Кийинчерээк тармактык комиссия түзүлүп, алар бир катар келишимдерге кол коюшкан. 1989-жылдын февралында Алжир, Марокко, Тунис, Ливия жана Мавритания өлкөлөрүнүн башчылары региондук Араб Магриби союзун уюштуруу үчүн кол коюшкан. Анын негизги милдети - Батыш Африка өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык жана саясий биримдикти орнотуу.