МАГНИТТИК КАРТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАГНИТТИК КАРТАЛАР - магниттик бирдей сызыктардын (изоклин, изогон, изодинамо) жардамы менен геомагниттик талаанын чыңалуусун же анын түзүүчүлөрү көрсөтүлгөн жер бетинин картасы. Булардын ичинен дүйнөлүк М. к. жана аномалиялуу магнит талаасынын картасы кеңири тараган. Дүйнөлүк М. к. геомагниттик талаанын негизги өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Бул геомагнит талаасынын булагы Жердин ядросундагы электр өткөргүч заттардын кыймылы болуп саналат. Негизги магниТтик талаанын структуралык өзгөчөлүктөрү континенттердин көлөмүнө жакын. Ошол себептен дүйнөлүк М. к-дын масштабы 1:10 000 000 же мындан да кичине болот. Аномалиялуу магнит талааларынын картасы жергиликтүү магнит талаасынын башкы магнит талаасынан өзгөчөлөнүшүн көрсөтөт. Ири масштабда (1:200 000) болуп, аэромагниттик съёмканын негизинде түзүлөт. М. к. жердин терең бөлүгүнүн түзүлүшүн изилдөөдө, кен байлыктарды чалгындоодо кеңири колдонулат.