МАГНИТТИК ЖАНТАЙЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАГНИТТИК ЖАНТАЙЫШ - жер бетинде бел­гиленген чекитте магнит меридианы менен географиялык меридиандын ортосунда пайда болгон бурч (ком­пастын магнит жебесинин географиялык меридиандан жантайышы). Мында магнит жебесинин түндүк учу географиялык меридиандан чыгышка жантайса - оң (чыгыш), батышка жантайса - терс (батыш) М. ж. деп эсептөө кабыл алынган. Жантаюу бурчтары картада изосызыктар менен берилет. Бур­чу нөлгө барабар болгон сызык агония сызыгы деп аталат. М. ж. компас менен багыт аныктоодо зор мааниге ээ.