МАГДЕБУРГ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАГДЕБУРГ - Германиядагы шаар. Эльба д-нын боюнда жайгашкан порт. Саксония-Анхальт жеринин (администрациялык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 230,1 миң (2010). Ири жолдор тоому. М. аркылуу Москва - Варшава - Берлин - Ганновер - Рур - Париж трансъевропа т. ж. магистралы, ошондой эле Берлин - Дортмунд жана Дрезден - Магдебург т. ж. тармактары, жогорку ылдамдыктагы бир нече федерация автомагистралдары өтөт. Өлкөнүн маанилүү маданий-тарыхый очогу. Шаар 805-жылдан белгилүү. 968-жылдан архиепископтуктун борбору. Машина куруу, химиялык-фармацевтика, тамак-аш - татымал, булгаары-бут кийим, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. М-да Европадагы алгач шаар укугу (Магдебург укугу; шаар тургундарынын укугу жана эркиндиги юридикалык жактан бекитилген) кабыл алынган. Соңку готика стилиндеги собор (13- 16-к.), роман чиркөөлөрү (11-13-к.) сакталган. Ратуша жайгашкан аянтта Магдебург чабендесинин статуясы (13-к.) орнотулган. М. - маанилүү илимий жана маданий борбор.