МАВРЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАВРЛАР, (грекче шаигбз - кара) м а в р и т аниялыктар, бейдандар-1)Мавританиянын жергиликтүү калкы - араб-берберлер. Сенегал (120 мин), Батыш Сахара (240 миң), Мали (160 миң), Марокко (30 миң), Нигер (155 мин), Гамбия жана Гвинеяда жашашат. Жалпы саны 3 млнго жакын (2010). Араб жана француз
тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман-сунниттер. М-дын ата-бабалары 1-миң жылдыктын

ортосунда Мавританияга жер которуп келген бербер уруулары - санхажа жана гетулдар. 11-к-дан М-да исламдаштыруу жана арабдаштыруу процесси башталган. М. 19-к-дын ортосунан Франциянын колониясына айланган. 1960-жылы М. көз карандысыз Мавритания Ислам Респ-на ээ болушкан. Негизги кесиби - мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк, 2) Шри-Ланкадагы эл (ларакаллалар). Саны 1250 миң. Тамиль, сингаль жана араб тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулмансүннөттөр. М. - тамиль жана сингаль урууларынын аралашуусунан пайда болгон мусулмандардын тукумдары.